Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Таш-Рабат тарыхый эстелигинен түшкөн каражат жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү Таш-Рабат тарыхый эстелигине тартылган туристтер тарабынан түшкөн акча каражаты долбоор ишке ашкандан кийин 50 % өлчөмү таш үйдүн өзүн өнүктүрүү үчүн жумшалсын. 50 % айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүрүлсүн.
2. Таш-Рабаттын өзүно тиешелүү 1,0 га жер бөлүнүп тарыхый эстеликти сактоо максатында айланасын тосуу үчүн курулуш иштери жүргүзүлсүн.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевге тапшырылсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Иманкулов |