Загрузка документа…
ЖЕТИ-ѲГУЗ РАЙОНДУК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2009 жылдын 25-марты №30
Райондук кенештин XXIV шайланган 2007-жылдын 22 майындагы VI сессиясынын №36 жана XXV шайланган 2008-жылдын 12-декабрындагы №12 токтомдоруна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ
Райондук кеӊештин XXIV шайланган 2007-жылдын 22-майындагы VI сессиясынын №36 жана XXV шайланган 2008-жылдын 12-декабрындагы №12 токтомдоруна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ токтомдорунда, айыл чарба багытындагы эмес жерелердин жер салыгын эсептѳѳдѳ пайдалануучу коэффициент К1 үчүнчү зонага (сырт ѳрѳѳнүндѳгү)"3,33" эсебинде кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык жергиликтуу кенештердин калктуу конуштардын экономикалык пландаштыруу занага карата бекитилет. Үчүнчү зонадагы (сырт ѳрѳѳнүндѳ) жердин пайдалуу кендерин иштетүүчү мекемелерге коэффициент К1 "3,33" эсебинде кабыл алынганын, райондун кѳпчүлүк элдеринин К1коэффициентин кѳтѳрүү жѳнүндѳгү суроо талаптарын эске алып, райондук кенештин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук кеӊештин XXIV шайланган 2007-жылдын 22 майындагы VI сессиясынын №36 жана XXV шайланган 2008-жылдын 12-декабрындагы №12 токтомдоруна каралган үчүнчү зонадагы (сырт ѳрѳѳнүндѳгү) бекитилген К1 коэффициенти "3,33" тон "10" болуп ѳзгѳрүлсүн.
2. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келсе, токтомдун аткарылышы 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирсин.
3. Токтомду адилет башкармалыгынан каттодон ѳткѳрүү райондук кеӊештин жоопту катчысы З.В.Курбановага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгынын башчысы С.Абдыгалыковго тапшырылсын.
Райондук кеӊештин тѳрагасы | Ж.Кыдыев |