Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 31-марты №10
Балыкчы шаарынын бала-бакчаларына төлөнүүчү ата-энелердин мүчөлүк акысы жөнүндө
Балыкчы шаардык Кеӊешине Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.А.Кулова төмөндөгүдөй мазмундагы өтүнүч каты менен кайрылган.
Озунун катында бардык тамак-аш продуктыларынын кымбаттыгына байланыштуу, шаардын бала-бакчаларына төлөнүүчү ата-энелердин айлык мүчөлүк акысын 300 сомдон 400 сомго чейин көтөрүү боюнча ата-энелер жыйналышы өткөрүлүп, макулдашылгандыгын билдирген.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин сессиясы коюлган маселени ар тараптан карап, талкуулап жана кайра бекитүү үчүн
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жана шаардын бала-бакчаларынын ата-энелерден алынуучу айлык мүчөлүк акыны көбөйтүү боюнча сунушу эске алынсын жана 2008-жылдын 1-сентябрынан баштап, айлык мүчөлүк акынын көлөмү 400 сом өлчөмүндө бекитилсин
2. Шаардын бала-бакчаларынын жетекчилерине балдардын өз убагында жана туура тамактануусун көзөмөлгө алуу жана чогулган каражаттын 10 пайызы чарбалык чыгымдарга, 90 пайызы балдардын тамак-ашына сарпталуу жагы милдеттендирилсин.
3. XXIV чакырылышынын XXXV сессиясында кабыл алынган №9 токтомдун күчү жоготулсун.
4.Ушул токтом Ысык-Көл облусунун Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы сунушталсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеӊештин социалдык өнүгүү жана укук коргоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Балыкчы шаардык кеӊешинин төрагасы |
А.Джаликов
|