Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 токтомуна 1-тиркеме Бишкек шаарындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө ЖОБО (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт. I. Жалпы жоболор 1. Муниципалдык менчикти менчиктештирүү "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, ушул жобого, муниципалдык менчикти башкаруу маселелерин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларга ылайык, муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жүзөгө ашырат. 2. Менчиктештирүү объекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн: Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык муниципалдык ишканаларды кайра түзүү процессинде түзүлгөн чарбалык шериктештердин жана коомдордун уставдык капиталындагы акциялар (үлүштөр); муниципалдык ишканалар мүлктүк комплекс катары; муниципалдык ишкананы кайра уюштуруунун (жоюунун) натыйжасында түзүлгөн муниципалдык ишкананын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмдөрү ишке жарамдуу комплекс; мүлктүн айрым курамдык бөлүктөрү (имарат, өзүнчө имарат, курулма, жабдуу, курулушу бүтпөгөн объекттер жана башка). Мүлктүк комплекс катары ишкананын курамына анын иш-аракети үчүн пайдаланылуучу мүлктүн бардык түрлөрү, анын ичинде жер участоктору, имараттар, курулмалар, жабдуулар, шаймандар, чийки заттар, продукция, талап кылуу укугу, чарбалык шериктештердеги жана коомдордогу акциялар (үлүштөр), карыздар, анын иш-аракетин жекелештирүүчү белгилөө укуктары (фирмалык аталыштар, товардык белгилер) жана башка өзгөчө укуктар кирет. Менчиктештирүү процессинде түзүлбөгөн чарбалык шериктештердин жана коомдордун уставдык капиталындагы менчик укугуна Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр) ушул Жободо каралган тартипте сатылат. 3. Менчиктештирүү объекттеринин сатуучусу болуп ыйгарым укуктуу орган саналат. 4. Менчиктештирүү объекттеринин сатып алуучулары муниципалдык мекемелерден жана ишканалардан башка жеке, ошондой эле юридикалык жактар боло алышат. 4-1. Менчиктештирүү объекттеринин наркы ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ишке тартылган баалоочу уюм же көз карандысыз баалоочу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат. Баалоочу жүргүзүлүп жаткан баалоонун аныктыгы жана негиздүүлүгү үчүн толук жоопкерчилик тартат."; 4-2. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдө ыйгарым укуктуу орган сатуу баасынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган өлчөмдө комиссиялык жыйым алат. Комиссиялык жыйымды төлөө тартиби жана мөөнөтү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленет. II. Муниципалдык ишканаларды кайра түзүү 5. Муниципалдык ишканаларды чарбалык шериктештерге (коомдорго) кайра түзүүнүн негизги формасы болуп муниципалдык ишкананын уюштуруу-укуктук формасын акцияларынын 100 (жүз) пайызы муниципалдык менчикте турган акционердик коомго кайра түзүүнү акционерлештирүү саналат. Эгерде муниципалдык ишканалардын мүлкүнүн бааланган наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдө уставдык капиталды түзүү үчүн жетишсиз болсо, муниципалдык ишкана жалгыз уюштуруучусу (катышуучусу) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналган жоопкерчилиги чектелген коомго кайра түзүлөт. 6. Ишкананы кайра түзүү жана баалоо наркын же чарбалык шериктештигинин (коом) уставдык капиталынын өлчөмүн аныктоо максатында, ыйгарым укуктуу органдын чечими менен менчиктештирүүгө карата муниципалдык ишкананы даярдоо боюнча комиссия (мындан ары- комиссия) түзүлөт жана кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан ашпаган кайра түзүү жүргүзүү мөөнөтүн белгилейт. Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын кызыкдар болгон Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер кириши мүмкүн. Комиссия ыйгарым укуктуу органга аудитордук, консультациялык, баалоочулук, эксперттик жана башка уюмдардын ишине тартуу жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Мурда кайра түзүлгөн акционердик коомдо ишканалардын акциялардын муниципалдык топтомун баалоо жана менчиктештирүү үчүн курамы муниципалдык акциялардын топтомун баалоону жана сатууну регламенттөөчү методикалык документтер менен аныктала турган комиссия түзүлүшү мүмкүн. 7. Комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра түзүлүүчү ишкананын мүлктүк комплексине баалоо жүргүзөт жана уставдык капиталынын өлчөмүн аныктайт. Объекттердин (муниципалдык ишканалардын) мүлктүк комплексинин наркын аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу орган баалоочу уюмду же көз карандысыз баалоочуну тартат. Менчиктештирүү объектисинин мүлкүнүн наркынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен менчиктештирүүнүн өзгөчө режими белгиленген мүлктүн наркы, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалдык менчикте сактоо жөнүндө чечим кабыл алынган социалдык-тиричилик жана социалдык-маданий багыттагы объекттердин жана башка объекттердин наркы алып салынууга тийиш. Комиссия корутунду түзөт жана ыйгарым укуктуу органдын кароосуна киргизет. 8. Балансында социалдык жана өндүрүштүк инфраструктуранын объекттери турган ишканаларды кайра түзүүдө комиссия төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: а) социалдык жана өндүрүштүк инфраструктура объекттери муниципалдык менчикте калат: аларды түздөн-түз дайындалышы боюнча пайдалануу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башка бөлүмдөрүнө, муниципалдык мекемелерге, ишканаларга белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет; кайра түзүлүп жаткан ишканага түз дайындалышы боюнча пайдалануу үчүн акысыз пайдаланууга берилет; б) социалдык жана өндүрүштүк инфраструктуранын объекттери менчиктештирилет: менчиктештирилүүчү ишкананын мүлктүк комплексинин курамында; өз алдынча объект түрүндө. 9. Социалдык жана өндүрүштүк инфраструктура объекттерин баланстан баланска өткөрүү акт менен таризделет. 10. Менчиктештирүү объектисинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын негизинде жана тартибинде алынган баалоо наркы, эгерде баалоо бекитилген күндөн тартып объект менен бүтүм түзүлгөн датага чейин 12 айдан ашпаган убакыт өтсө, бүтүм жасоо үчүн кабыл алынышы мүмкүн. |