Загрузка документа…
Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгында катталган
2007-жыл 12-апрель. Каттоо номери 05-1-07
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 токтомуна 4-тиркеме |
Муниципалдык менчикти конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчикти конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык мүлктү конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Конкурс муниципалдык менчикти сатуу ыкмасы болуп саналат, мында менчиктештирилүүчү объектти сатып алуучу конкурстун шарттары тарабынан белгиленген белгилүү милдеттенмелерди өзүнө алат.
Муниципалдык мүлктү сатып алуучуга коюлуучу талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык болушу мүмкүн.
3. Муниципалдык менчикти сатуучу болуп (мындан ары - Сатуучу) муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары-ыйгарым укуктуу орган) чыгат.
Муниципалдык мүлктү конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө маселени Сатуучу демилгелейт жана ал үчүн Бишкек шаардык кеңешинин макулдугун алат.
Муниципалдык мүлктү сатуучу конкурстун уюштуруучусу болуп чыгат. Муниципалдык мүлктү сатуучу конкурсту өткөрүүнүн датасын, ордун жана тартибин аныктайт, конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнүн өз убагында жарыяланышын камсыздайт.
4. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке же юридикалык жактар болушу мүмкүн.
Мамлекеттик, ошондой эле муниципалдык мекемелер жана ишканалар менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлктү сатып алуучулар боло алышпайт.
5. Сатуу конкурста жүзөгө ашырылуучу менчиктештирүү объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
муниципалдык ишканаларды кайра түзүү процессинде түзүлгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун капиталындагы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр);
муниципалдык ишкана мүлктүк комплекс катары;
муниципалдык ишкананы кайра уюштуруунун (жоюунун) натыйжасында түзүлгөн ишке жарамдуу комплексти түзгөн муниципалдык ишканалардын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмдөрү.
Менчиктештирүү процессинде түзүлбөгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун капиталындагы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна менчик укугунда таандык акциялар (үлүштөр) да ушул Жободо каралган тартипте конкурста сатылышы мүмкүн.
6. Коммерциялык жана инвестициялык конкурстарды пайдаланууда менчиктештирүү объектисине карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет.
Милдеттенмелердин тизмеги менчиктештирүү объектисине жараша болот жана конкурс жарыяланган учурга чейин Сатуучу тарабынан аныкталууга тийиш.
Коммерциялык жана инвестициялык конкурстардын шарттары менчиктештирүү объектисине карата Сатып алуучунун төмөнкү милдеттенмелерин өзүнө камтышы мүмкүн:
сунушталган инвестициялардын суммасы;
эмгек акы, ишке орноштуруу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу жаатындагы социалдык программа;
сатып өткөрүүнүн жаңы рынокторуна чыгуу же учурда болгондорун өздөштүрүү;
атаандаштыкка жөндөмдүү же импортту алмаштыруучу жаңы продукцияны чыгарууну өздөштүрүү;
натыйжалуу менеджментти киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелер.
Милдеттенмелер сандык туюнтууга, ошондой эле аларды ишке ашыруу мөөнөтүнө ээ болууга тийиш.
7. Сатуучу менчиктештирилүүчү мүлктүн наркын аныктоо үчүн баалоочу уюмду же көз карандысыз баалоочуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте тартат жана баалоонун жыйынтыктарынын негизинде конкурста сатуунун баштапкы баасын (мындан ары - сатуунун баштапкы баасы) белгилейт.
8. Конкурстун шарттары Сатуучу тарабынан аныкталат жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлгөн муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссиянын тийиштүү чечими менен бекитилет.
9. Конкурска катышуу үчүн талапкер конкурста сатып алынган мүлктү төлөөнү камсыздоо эсебине шертпул (мындан ары - кепилдик төгүм) киргизет.
Кепилдик төгүмдүн өлчөмү менчиктештирилүүчү объектти сатуунун баштапкы баасынын 10 пайызын түзөт.
Кепилдик төгүм төмөнкү учурларда кайра кайтарылууга тийиш:
конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаган учурда (кепилдик төгүмдү кайтаруу мөөнөтү - Сатуучу тарабынан конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);
конкурс өткөн жок деп таанылса (кепилдик төгүмдү кайтаруу мөөнөтү - Сатуучу тарабынан конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);
талапкер катталган табыштаманы кайтарып алган учурда (кепилдик төгүмдү кайтаруу мөөнөтү - менчиктештирүү боюнча комиссия табыштаманы кайтарып алуу жөнүндө билдирүүнү алган учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде).
Конкурсту утуп алган жак менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдө ал киргизген кепилдик төгүмдүн суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелердин эсебине чегерилет.