Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-ноябры № 23
Ар түрдүү маселелер
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселелер тууралуу, айыл чарбасына жараксыз болгон жерлерди сатуу боюнча комиссиясынын курамын бекитүү, аукциондо сатыла турган жерлерди тактап сатууга айылдык кенештин токтомун чыгарып берүү, ар түрдүү маселелерди карап төмөндөгүдөй токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Аукцион аркылуу сатыла турган жерлерге жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын курамы бекитилсин.
2. Жаңы-Жол участкасындагы 0,10га жана Жаштык участкасында Исакова Тотуштун уйунун жанындагы 0,18 га жер аянты аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
3. Арендатор А.Эргешов Ош тополонунда ок тийип жабыр тарткандыгы үчүн 1 жылдык аренда акысы 1600 сом болгон аренда акысынан бошотулсун.
4. Т.Осмонов мектебинин алдындагы жатаканадагы тарбияланып жаткан окуучулардын ата-энелердин суранычы канаттаандырылсын.
5. Кичи-Алай, Чөгөм, Күндөлүк айылындагы мектептердин шарты, ал абалы менен жайында таанышып, тактап келүү үчүн 4 адамдан турган комиссия түзүлсүн.Тоого барып келүү үчүн каражат жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүм башчысы А.Рысбаевага жүктөлсүн.
6. Агро бөлүмгө таза суу жана сугат суулар боюнча иш алып баруу үчүн, кенже муниципалдык кызматкер-мураб алынышы айыл өкмөтүнө сунушталсын
Бул кызмат өтө чыр чатактуу болгондуктан элдик жыйында шайлоонун негизинде элдин ишенимине ээ болгон талапкер кызматка алынышы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
7. Жогорудагы аталган социалдык инфраструктураларын аткаруу сметанын негизинде жүргүзүлсүн.
Керметоо Айылдык Кеңешинин төрагасы |
А.Шамуратов |