Редакцияот 28.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН - КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин II - чакырылышынын XX-заседаниеси

 

2011-жылдын 28-марты № 20/5

Кабылан-Көл айыл округунун балдар бакчасынын ата энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатынын (взносту) суммасын бекитип берүү жөнүндө

Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин заседаниеси Кабылан-Көл айыл округунун балдар бакчасынын жетекчиси К.Жумалиеванын  балдар бакчасында тарбиялануучу балдардын ата энелери тарабынан төлөнүүчү акча каражатынын (взносту) суммасын бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн  угуп  жана  талкуулап  Кабылан-Көл  айылдык  Кеңешинин  заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кабылан-Көл айыл округунун балдар бакчасында тарбиялануучу балдардын ата энелер тарабынан бир балага төлөнүүчү акча каражатынын  (взнос) бир айда төлөнүүчү суммасы 260 сом өлчөмүндө белгиленип ,бекитилсин.

2.Ушул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  балдар бакчасынын жетекчиси К.Жумалиевага милдеттендирилсин.

 

Кабылан-Көл  айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Д.Касымбеков