Редакцияот 26.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ - АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин V-сессиясынын (төртүнчү шайланган)

 

2011-жылдын 26-ноябры №4  

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн АРИС программасы боюнча жана башка эл аралык уюмдар менен жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн АРИС программасы боюнча жана башка эл аралык уюмдар менен жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Т.Төрөмырзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Отуз-Адыр айылдык  кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн АРИС программасы боюнча жана эл аралык уюмдар менен жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык  деп табылсын.

2.Муниципалдык менчикте турган социалдык объекттердин чатырларын алмаштырып  жабуу колдоого алынсын жана аны аткаруу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

3.Жогоруда көрсөтүлгөн социалдык объекттердин чатырларын жабуу үчүн курулуш материалдарын алуу жагы Ош, Жалал-Абад облустарын жана Ош шаарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынан суралсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (К. Джумабаев) милдеттендирилсин.

  

Отуз-Адыр айылдык 

кеңешинин төрагасы

 

О. Айдаров