Загрузка документа…
ОТУЗ - АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-ноябры №7
Отуз-Адыр айылдык округуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы М.Тешебаев атындагы орто мектебинин жамаатынын класстарды жылуу кармоо боюнча шарт түзүп берүү жөнүндөгү арыздарын кароо жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык округуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы М.Тешебаев атындагы орто мектебинин жамаатынын класстарды жылуу кармоо боюнча шарт түзүп берүү жөнүндөгү арыздарын карап жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Тешебаев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын оңдоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттардын эсебинен 8 000 (сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акчага сатылып алынган материалдык каражаттарга жана аткарылуучу иштерге жоопкер болуп мектеп директору Б. Нурматова эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык кеңештин төрагасы |
О. Айдаров
|