Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIV (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 26-июлу № 11
Кашкар-Кыштак айылынын тургуну
Вахидова Ироданын арызын кароо жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Вахидова Ироданын – «/чэм кыз- дары, алардан улуу дагы бир кызы бар экендиги, үй турмушу оор экендиги, балдарын багууда кыйналып жаткандыгы, ошондуктан балдар бакчасында балдарын багууга жеңилдиктерди берип, ата-энелик мүчөлүк акыларын төлөөдөн бошотуу жөнүндөгү» арызын карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Вахидова Ироданын көп балалуу жана тур- мушу оор экендигин эске алып, анын балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарына мектеп жашына жеткенге чейин ата-энелик акы төлөөдөн бошотулсун.
2. Токтомдун көчүрмөсү «Алтын балалыгым» балдар бакчасынын жетекчилигине аткаруу үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мада- ний маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |