Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 1-апрели № 19
Мөнөк айылынын тургуну, тубаса майып
Абдиев Миразиздин бакча жашындагы балдарына жеңилдик берүү жөнүндө
Депутаттар Мөнөк айылынын тургуну, тубаса майып Абдиев Миразиздин балдарын Мөнөк айылындагы «Кызыл кызгалдагым» балдар бакчасында акысыз тарбиялоо жөнүндөгү арызын талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөнөк айылынын тургуну Абдиев Миразиздин тубаса майыптыгын, үй-бүлөсүндө эч ким иштебегендигин жана балдары жаш экендигин эске алып, анын балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарына мектеп жашына жеткенге чейин ата-энелик акы төлөөдөн бошотулсун.
2. Токтомдун көчүрмөсү «Кызыл кызгалдагым» балдар бакчасынын жетекчилигине аткаруу үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мада- ний маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |