Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 1-апрели № 18
Алгабас айылынын тургуну Сайдалиев
Убайдулланын арызын кароо жөнүндө
Депутаттар Алгабас айылынын тургуну Сайдалиев Убайдулланын өзүнүн короосунун жанындагы 0,25 га айыл чарбасына арналбаган, 0,38 га калктуу конуштун жерлеринен, жалпы 0,63 га жер аянтын убактылуу ижарага берүү жөнүндөгү арызын талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алгабас айылынын тургуну Сайдалиев Убайдулланын арызы канааттандырылсын жана өзүнүн короосунун жанындагы 0,25 га айыл чарбасына арналбаган, 0,38 га калктуу конуштун жерлеринен, жалпы 0,63 га жер аянтын 5 (Беш) жылга убактылуу ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Алгабас айылынын тургуну Сайдалиев менен ижара келишимин түзүү, иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкөмөтүнүн аппаратына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жараты лышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |