Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-апрели № 15
Кашкар-Кыштак айылында «Өз алдынча
башкаруу органын түзүү» (ТОС) жөнүндө
Депутаттар айылдык кенештин катчысы М.Маматалиевдин бул күнгө чейин айыл өкмөтүнүн Мөнөк, Кенжекул, Алгабас, Бекжар жана Жарооз айылдарында «Өз алдынча башкаруу органдары» уюштурулуп, алар өздөрүнүн Уставдары менен мөөр жана штамп алышып, иштеп жатышкандыктарын жана ушундай эле структураны Кашкар-Кыштак айылында да уюштуруу зарыл экендиги жөнүндөгү билдирүүсүн жана Кашкар-Кыштак «Өз алдынча башкаруу органынын» Уставын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун талкуулап чыгып,Кашкар-Кыштак айыл дык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын беренесинин талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылында «Өз алдынча башкаруу органынын» (кыскартылганы «ӨАБО») Уставы бекитилсин.
2. «ӨАОБнын»(ТОСтун) иш кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |
1.1. «Кашкар-Кыштак» аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу (кийин АКӨБ) Кыргыз Республикасынын2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101 Мыйзамына ылайык түзүлөт.
1.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу жашаган жерлери боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү жана өздөрүнүн демилгелерин өз жоопкерчилиги менен жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү жарандардын өздөрү түзгөн уюм (51-берене).
1.3. АКӨБ келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттен каржыланып, жергиликтүү маанидеги айрым башкаруу функцияларды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн мекеме болуп эсептелинет (КР Жарандык кодекси, 164-берене).
1.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун аталыштары:
-мамлекеттик тилде: “Кашкар-Кыштак” аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу.
-официалдуу тилде: Территориальное общественное самоуправление «Кашкар-Кыштак».
1.5. Кыскача аталышы (кыскартылганы): мамлекеттик тилде – “Кашкар-кыштак АКӨБ, официалдуу тилде ТОС «Кашкар-кыштак».
1.6. “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун уюштуруучулары болуп Карасуу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн № 1 жана №2 бөлүмдөрүнүн жашоочулары эсептелинет (жалпы чогулуштун протоколу тиркелет).
1.7. “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош областы, Карасуу району, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү, Кашкар-Кыштак айылы.
1.8. “Кашкар-кыштак” АКӨБнун ишмердүүлүк жүргүзүү аймагынын чектерин Кашкар-кыштак айлынын № 1 жана №2 бөлүмдөрүнүн жашоочуларынын – уюштуруучулардын сунушун эске алуу менен Кашкар-Кыштак айылдык кенеши белгилейт жана бекитет.
1.9. “Кашкар-Кыштак” АКӨБу Кашкар-Кыштак айылдык кенешинен эсептик каттоодон өткөндөн кийин өзүнүн статусуна ээ болот.
2.1. “Кашкар-Кыштак” АКӨБ юридикалык тарап катары өзүнүн статусуна Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары чектеген тартипке ылайык мамлекет тик каттоодон өткөндөн кийин ээ болот.