КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 1-апрели № 12
Бекжар айылынын тургундарынын
арыздарын кароо жөнүндө
Депутаттар Бекжар айылынын тургундарынын айылга бала бакча ачуу, Бекжар айылын бийик тоолуу зоналардын катарына киргизүү жана көчөлөргө түнкү шамдарды коюу жөнүндөгү арыздарын талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекжар айылынын туругундарынын айылда балдар бакчасын ачуу жөнүн- дөгү суроо-талаптарын канааттандыруу жана жеткинчектердин келечегине кам көрүү максатында Бекжар айылында балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Бекжар айылынан балдар бакчасына ылайыктуу имарат издеп табуу, анын ээси менен сүйлөшүү жүргүзүү жана макулдугун алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Рахматов Р)-балдар бакчасын ачуу иштерине кетүүчү чыгымдардын сметасын иштеп чыгуу милдеттендирилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттин каражаттары 2014-жылда негизинен айыл өкмөтү- нүн аймагындагы социалдык обьекттерди каржылоого сарпталарына байланыш- туу Бекжар айылына түнкү шамдарды орнотуу боюнча чет элдик инвесторлор менен иштөө жагы айыл башчысына (Эрменов А.)сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы маданий маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |