Редакцияот 01.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XII (бешинчи шайланган) сессиясы

 

2014-жылдын 1-апрели № 9

Муниципалдык менчикте турган

жерлерди сатуу жөнүндө

 

 Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Абдылдаевдин муници- палдык менчиктеги Кашкар-Кыштак айлынын Жумушчу-Дыйкан көчөсүндөгү 0,03 га, Кенжекул айылынын мурунку консерва заводунун жанындагы 0,12 га жана

Жарооз, Кайрагач жана Садирбай айылдарындагы бош жаткан жерлерди соода жүргүзүү, өздөштүрүү жана башка максаттарда пайдалануу үчүн сатыкка коюу жөнүндө билдирүүсүн талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык менчиктеги Кашкар-Кыштак айлынын Жумушчу-Дыйкан көчөсүндөгү 0,03 га жана Жарооз, Кайрагач жана Садирбай айылдарындагы бош жаткан жерлерди соода жүргүзүү, өздөштүрүү жана башка максаттарда пайдалануу үчүн ижарага берүүгө уруксат берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык менчикте турган жерлерди сатуу жана ижарага берүү комиссиясына – жерлерди сатууда жана ижарага берүүдө аракеттеги мыйзамдардын талаптарын катуу сактоо менен өткөрүү жагы тапшырылсын.

3. Кенжекул айылындагы мурунку консерва заводунун жанындагы 0,12 га жер тилкесин менчиктештирүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси менен биргеликте туруктуу комиссиясынын кошумча иликтөөсүнөн кийин кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү сунушталсын.

4. Ушул токтомдун 3-бөлүгү боюнча токтомдун көчүрмөсү арыз ээлерине маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жараты лышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов