Редакцияот 01.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XII (бешинчи шайланган) сессиясы

 

2014-жылдын 1-апрели № 8

Жайыт комитетинин 2013-жылга

аткарган иштери жана 2014-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Депутаттар Жайыт комитетинин төрагасы Т.Эргешовдун «Жайыт комите- тинин 2013-жылга аткарган иштери жөнүндө угуп жана 2014-жылга бюджети- нин долбоорун талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 18-беренесинин 7-бөлүмүнүн талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.

 2. Жайыт комитетинин 2014-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгү- дөй кирешелерден;

 Жарандардын жайытка чыга турган ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал жана жылкылары үчүн алына турган салыктардан, сезонго  - ири мүйүздүү малга – 125 сомдон,

 - майда мүйүздүү малга( кой, эчкилерге) – 25 сомдон,

 - жылкыга -125 сомдон,

 Башка айыл өкмөттөрдүн жарандарынын жайытка чыга турган ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малы, жылкылары үчүн алынуучу салыктардан , сезонго ;

 - ири мүйүздүү малга – 250 сомдон,

 - майда мүйүздүү малга (кой-эчкилерге) - 50 сомдон,

 - жылкыга – 250 сомдон,

 Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин тосуп алып, мал багуудан башка багыттарда пайдаланган жарандардан алынуучу салыктардан,ү

 - 1 га жер аянтына 1 жылга - 250 сомдон,

 Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлеринде жеке ишкерлик менен алектенген физикалык жактардан алынуучу салыктардан ;

 1 м2 жер аянтына сезонго :

 - «Ош-Алай» трассасынын боюнда соода-сатык жүргүзгөндөр;

 - жайыт жерлеринин ичинде эс алуу жана саамал ичирүү багытында боз үй тигип, вагон коюп иштеткендер үчүн – 50 сомдон белгиленип, түзүлсүн (Бюджеттин долбоору тиркелет)

3. Жайыт комитетинин бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөндөгү чыгашалар- дан :

 - айыл өкмөтүнүн бюджетине – 53 586 сом,

 - эмгек акыга - 108 000 сом,

 - соцфондго - 53 586 сом,

 - эмгек акыдан салык - 8 640 сом,

 - жайыт жолдорун оёдоо - 50 000 сом,

 - транспорттук чыгымдар - 30 000 сом,

 - жер салыгы - 53 586 сом,

 - аудиттик кызмат үчүн - 4 000 сом,

 - башка чыгымдар - 11 558 сом,

 - соцфонд 25%, 2% - 18 630 сом,

 - канцеляриялык буюмдарга - 3 000 сом,

 - жайыт комитеттеринин райондук Ассоациясына - 9 000 сомдон туруп,

Баары 350 000 (/ч жүз элүү миё) сомго бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жараты лышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов