Редакцияот 01.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XII (бешинчи шайланган) сессиясы

 

2014-жылдын 1-апрели № 6

Д.Султанов атындагы орто мектебинин

эмгек жамаатынын кайрылуусун кароо жөнүндө

 

 Депутаттар Мөнөк айылындагы Д.Султанов атындагы жатак мектебинин эмгек жамаатынын мектепке материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мөнөк айылындагы Д.Султанов атындагы жатак мектеби республикалык бюджеттин эсебинен каржылангандыгына байланыштуу мектептин эмгек жамаатынын материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусу жарым-жартылай канааттандырылып, кароолкана куруу үчүн 50 000 (Элүү миң) сом ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун көчүрмөсү арыз ээсине маалымат үчүн жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов