ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2014-жылдын 8-майы № 4
Чоң-Алай айылдык аймагына караштуу
муниципалдык менчигинде турган кеңселерди
ижарага берүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык аймактык Кеңешинин кезектеги бешинчи чакырылышындагы VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык аймагынын муниципалдык менчигинде турган кеңселерин райондук билим берүү бөлүмүнө жана райондук маданият бөлүмүнө ижарага берүү боюнча Чоң-Алай айылдык аймактын алдындагы комиссиянын сунушу эске алынсын.
2. Ижара акылары комиссиянын сунушуна ылайык төмөнкүдөй тарифте бекитилсин 1м кв жерге 100 (жүз) сомдон жана ар бир айдын башында же болбосо бир жылдык ижара акысы жылдын башында төлөнө турган тартипте келишим түзүлсүн.
3. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө бюджет жана экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|