ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2014-жылдын 8-майы № 5
Чоң-Алай токойчулугунун сунушун кароо жөнүндө
Чоң-Алай токойчулугунун элге берилле турган продукцияларына эсептелген баалар төмөндөгүдөй болуп бекитилсин;
1. Санитардык кыюудан даярдалган отундар:
-Отунга (1 скл м3) 727 сом,
-Там жабуу үчүн шакка (1 скл м3) 208 сом,
2. Токойду тазалоодон чогултулуп даярдалганотундар:
- Кургак отунга (1 скл м3) 250сом,
- Кургак шакка (1 скл м3) 72 сом,
3. Отургузуу (эгүү) үчүн көчөттөр:
- тал терек 2 жылдык 5 сом, 3-4 жылдык 15 сом. (1 скл м3) 727 сом,
4. Чоң-Алай токойчулугуна караштуу жайытка мал башына алынуучу ижара төлөмдөрү:
- Бир баш төөгө 72 сом
- Бир баш жылкыга 72 сом
- Бир баш уйга 60 сом
- Бир баш эчкиге 36 сом
- Бир баш койго 12 сомго
5. Чоң-Алай токойчулугунун айдоо жана чөп чабындыга алынуучу ижарага төлөмдөрү:
- Айдоо суулуу 1 га жерге 2000 сом
- Айдоо кайрак 1 га жерге 1700 сом
- Чөп чабынды 1 га жерге 1500 сомго
6. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин алдындагы «айыл чарбасы жер жана көрктөндүрүү» боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|