Редакцияот 08.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы

 

2014-жылдын 8-майы № 8

Чоң-Алай айылдык аймагындагы шайлоо

участкаларына, участкалык шайлоо

комиссияларынын резервин бекитип берүү жөнүндө

 

Чоң-Алай айылдык аймактык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын  ыйгарым укуктары 2011-жылы аяктаганына байланыштуу Чоң-Алай  айылдык аймагындагы шайлоо участкаларына, участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук,укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д. Молдоболотов