Редакцияот 13.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын II сессиясы

 

2014-жылдын 13-июну № 1

“ Чоң-Алай айылдык аймагынын 2014-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө

түшүүчү айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынын К3 коэффициентин бекитүү жөнүндө”

 

Чоң-Алай айылдык аймактык кеңешинин бешинчи чакырылышындагы кезексиз экинчи сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алай айылдык аймагынын 2014-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө түшүүчү айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынын К3 коэффициенти 1,2 ге барабар болуп бекитилсин.

2. Мүлк салыктарынын коеффиценти 2,3-группалары үчүн К3 коеффиценти 1,2 ге барабар болуп бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д. Молдоболотов