Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-февралы № 4
Чоң-Алай районундага Чоң-Алай
токойчулугунун статусун Чоң-Алай мамлекеттик
жаратылыш паркына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай районунундагы Чоң-Алай токойчулугунун башчысы К.Жапаровдун 2015-жылдын 12-февралындагы Чоң-Алай токойчулугунун Чоң-Алай мамлекеттик жаратылыш паркына өткөрүү боюнча кайрылуу катын карап талкуулап.
Чоң-Алай айылдык аймактык Кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай районунундагы Чоң-Алай токойчулугу Чоң-Алай айылдык аймагында жайланышкан Чоң-Алай райондук токойчулугунун фондусуна караштуу жерлердин базасында Чоң-Алай мамлекеттик паркы болуп түзүлүүсүнө макулдук берилсин
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|