Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-февралы № 5
Дароот-Коргон айылындагы Таза-Суу
ишканасынын сунуш катын кароо жөнүндө
Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Таза-Суу ишканасында иштеген жарандардын снштарын талкуулап.
Чоң-Алай айылдык аймактык Кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дароот-Коргон айылындагы Таза-Суу ишканасына 3 штаттык бирдиги бекитилсин жана Таза-Суу ишканасынын башчысынын эмгек акысы 10000 сом,калган эки штатка 5000 сомдон болуп бекитилсин.
2. Дароот-Коргон айылынын тургундары Таза-Сууну жеке үйгө киргизүүдө Таза-Суу ишканасына банк аркылуу 3000 сом акча каражаты төктүрүлсүн.
3. Таза-Суу ишканасынын башчысынын Токторов Балтабайдын аты жөнүн Чоң-Алай айылдык аймагынын маалымат катына киргизүүнү Дароот-Коргон Таза-Суу пайдалануучулардан суу үчүн карыздарын төлөгөндөн кийин маалымат берилүүсүнө тиешелүү адистерди милдеттендирүү жана Таза-Сууга түздөн түз көзөмөл жасоо, керектү тетикетер менен камсыздап туруу Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевке милдеттендирилсин.
4. Дароот-Коргон Таза-Суу ишканасы ар бир айда Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысына отчет берип туруусу белгиленсин
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, дептаттык этика жана коомдук иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|