Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-февралы № 6
Мал базарды жылдыруу жөнүндө
Чоң-Алай районунун Кара-Мык,Дароот-Коргон, Чак, Жаш-Тилек,
Жар-Башы,Кулчу айылдарынын көпчүлүгүнүн мал базарды жылдыруу боюнча арыздарын талкуулап.
Чоң-Алай айылдык аймактык Кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык аймагынын Дароот-Коргон айылындагы мал базары Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы көпүрөнүн сол тарабына жылдырылсын.
2. Мал базарды жылдыруу жана шарттарын түзүп берүү жагы Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|