Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 6-майы ПБ № 159
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН БУЙРУГУ
"Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ага негиздел-
ген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык:
1. Баткен областындагы Кызылкыя шаарынын мэрин шайлоо 2005-жылдын
12-майына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюшту-
руу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн инспектору Абдыл-
даев Молдакун Абдылдаевич Баткен областындагы Кызылкыя шаарынын мэринин
кызматына талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин милдетин аткаруучунун өкүлү болуп дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясы Кызылкыя шаардын кењеши менен бирдикте Баткен об-
ластындагы Кызылкыя шаарынын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев