Редакцияот 10.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVI сессиясы

 

2015-жылдын 10-февралы № 16-1

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга карата социалдык–экономикалык

стратегия планын өзгөртүү жана толуктоолор менен бекитүү

 

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга карата социалдык –экономикалык стратегия планы Кыргыз Республикасынын , Кыргыз Республикасыцнын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн, Ноокат райондук администрациясынын жана Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жарыяланган жылына карата түзүлгөн иш пландарынын негизинде, толуктоо жана өзгөртүүлөр менен айыл өкмөтүнүн  социалдык-экономикалык стратегия планын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин  кезектеги 16  сессиясында угузулду жана айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОТКОМ КЫЛАТ:

1. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылга карата социалдык-экономикалык стратегия планы тиркемеге ылайык  толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.

2. Бекитилген токтом мыйзам негизинде аткарылсын

3. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчсы Ш.Гафаровго жүктөтүлсүн.

4. Токтомдун актакаылышын көзөмөлдөө Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Мирмахмудов айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Халбуваев