МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVI сессиясы
2015-жылдын 10-февралы № 16-4
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында кичи маршруттук каттамаларды
уюштурууга уруксат берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу максатында кичи маршруттук каттамдарды уюштурууга уруксат берүү жөнүндө А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү тарабынан берилген билдирүүсүн негизинде жана А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаттардын айыл суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология,жаратылышты коргоо,өнөр жай кайра иштетүү жана транспорт боюнча комиссиянын берген тактамасын карап . А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОТКОМ КЫЛАТ:
1. Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңыдан уюшулган «Бек Нем Транс» жоопкерчилиги чектелген ишканасына Мирмахмудов айыл аймагында кичи маршруттук каттамдарды уюштуруусуна маакулдук берилсин жана схемасы бекитилсин.
2. А.Мирмахмудов айыл аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу максатында кичи маршруттук каттамдары боюнча жарандардын ар бирине 10 (он) сомдон ал эми мектеп жашындагы атуулдардын ар бирине 5 (беш) сом деп бекитилсин жана жогорудагы тарифтерди Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн алдындагы анти монополдук жөнгө салуу агенствосу менен маакулдашуу жолу менен тийиштүү документтерди тактоо «Бек Нем Транс» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын жетекчисине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү документтерди даярдоо А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаттардын айыл суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология,жаратылышты коргоо,өнөр жай кайра иштетүү жана транспорт боюнча комиссияна тапшырылсын
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |