Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын Х сессиясы
2014-жылдын 22-апрели № 10-6
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылындагы «Үч Кемпир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө
«А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылын «Уч Кемпир» участкасындагы эски балдар бакчасы турган жер аянтына элге медициналык кызмат көрсөтүү мекеме жана аялдар үчүн окуу борбору куруу үчүн уруксат сурап жазылган элдин жалпы 2014-жылдын 8-апрелиндеги чогулш протоколун негизинде А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы «Уч Кемпир» коомдук бирикмесинин менчигинде турган эски балдар бакчасын аянтын пайдалануу, балдар бакчасына тиешелүү жер аянтын элге медициналык кызмат көрсөтүү жана аялдар үчүн окуу борборун уюштуруу боюнча элдин өткөрүлгөн жалпы чогулушун протоколу бекитилсин.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы «Уч Кемпир» коомдук бирикмесинин менчигинде турган эски балдар бакчасы турган жер аянтына элге медициналык кызмат көрсөтүү мекеме жана аялдар окуу борбору куруу үчүн уруксат бкрилсин.
3. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Уч- Кемпир коомдук бирикмесинин менчигинде турган эски балдар бакчасын жер аянтын, элге медициналык кызмат көрсөтүү мекеме жана аялдар үчүн окуу борбору куруу үчүн А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын муниципалдык балансасына өткөрүлсүн.
4. А.Мирмахмудов атындагы айл аймагынын балансысына өткөрүп берилген эски балдар бакчасы турган жер аянтына медициналык мекеме жана аялдар үчүн окуу борбору курууга керектелүүчү юридикалык иш-кагаздарын, архитектуралык документтерин даярдоо А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |