Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын Х сессиясы
2014-жылдын 22-апрели № 10-7
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылындагы «Үч Кемпир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагында элдин социалдык өнүгүүсүнө салым кошуу жана айыл аймакта социалдык инфроструктурасын мындан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 2-главасынын 18-беренесинин 1-2,15 №47 беренесинин 1-8 бөлүмдөрүнүн талаптарын жана А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы «Уч Кемпир» коомдук бирикмесинин менчигинде турган жерлерин пайдалануу боюнча элдин 2014-жылдын 8-апрелиндеги өткөрүлгөн жалпы чогулушун протоколун негизинде А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы «Уч Кемпир» коомдук бирикмесинин менчигинде турган жерлерин пайдалануу боюнча элдин өткөрүлгөн жалпы чогулушун протоколу бекитилсин.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы №74- токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. А.Мирмахмудов айыл аймагынын «Уч Кемпир »жамаатынын менчигинде болгон мурунку тамеки бригадасынын сарайдын орду болгон 0,17 га жер тилкеси элге кызмат көрсөтүү багытында иш алып баруучу маданий тейлөө борборунун имаратынын куруу куруу үчүн А.Мирмахмудов айл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
4. А.Мирмахмудов атындагы айл аймагынын балансысына өткөрүп берилген жер аянтына элге кызмат көрсөтүү багытында иш алып баруучу маданий тейлөө борборунун имаратын курууга керектелүүчү юридикалык иш-кагаздарын, архитектуралык документтерин даярдоо А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |