МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын Х сессиясы
2014-жылдын 8-октябры № 13-2
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында 2014-2015-жылдардын кыш мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүү,электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу жөнүндө.
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында 2014-2015-жылдардын кыш мезгилине айыл аөкмөтүнүн аймагындагы бардык мектептерге, балдар бакчаларында жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясына жеткирген лимиттин сактоону камсыздоону жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында А.Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында 2014-2015-жылдардын кыш мезгилине айыл аөкмөтүнүн аймагындагы бардык мектептерге, балдар бакчаларында жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясына жеткирген лимиттин сактоону камсыздоону жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында калкты керектүү көлөмдөгү көмүр менен камыздоо үчүн көмүр сатуучу ишканалар кыш мезгилинде көмүрдүн баасын бир денгээлде сактоо үчүн алар өз ара келишим түзүшсүн, ал үчүн сатуу пунктарын акысыз ачып, аларда көмүрдүн дайыма болушун жана сатылып жаткан көмүрдүн баасы көзөмөолө алсын.
3. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында электр энергиясын үнөмдөө үчүн жылытууга пайдаланбоо жана жылытуу үчүн көмүр даярдоо боюнча эл арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Айыл аймакга жеткирилген электр энергиясын пайдалануунун чегин сактоо максатында РЭТ ишканасы тарабынан жеткирилген өчүрүү убактысын жылытуу мезгили башталганга чейин графиктин негизинде эрте мененки саат 9-00 дөн кечки 18-00 гө чейин, кыш мезгилине эрте мененки саат 9-00 дөн кечки 17-00 го чейин өчүрүлө тургандыгын пайдалануучуларга жеткирилсин.
5. Айыл аймагында электр чубалгыларына тийген бак-дарактарды кесүүнү кыска убакыттын ичинде аякталсын.
6. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы 3 фаз иштеткен абонеттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен аларды 3 фаздуу линияларын убактылуу өчүрүү иштери 2014-жылдын 1-ноябрына чейин толук аякталсын.
7. Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров тапшырылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |