МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын Х сессиясы
2014-жылдын 8-августу № 13-5
Ноокат шаарынын жана А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагына келечекте курулушу көздөлгөн булганыч суулар тазалоочу курулмаларды курууга жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын инфраструктурасын жана Ноокат шаарын кеңейип баражатканын, калктын саны артып баражатканын эске алып, келечекте санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу максатында Ноокат шаарында жана айылдык аймакта курулушу көздөлүп жаткан булганыч сууларды тазалоочу курулмаларынын курулушуна жер тилкесин ажыратып берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-главасынын 68-беренесин 4-пунктунун талаптарына ылайык жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2014-жылдын 22-августундагы №177/14 кортундусун талаптарынын негизинде А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын инфраструктурасын жана Ноокат шаарын кеңейип баражатканын, калктын саны артып баражатканын эске алып, келечекте санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу максатында Ноокат шаарында жана айылдык аймакта курулушу көздөлүп жаткан булганыч сууларды тазалоочу курулмаларынын курулушуна жер тилкесин ажыратып берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-главасынын 68-беренесин 4-пунктунун талаптарына ылайык жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2014-жылдын 22-августундагы №177/14 кортундусун талаптарынын негизинде А .Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын «Киров» айылынын Арал бөлүмүндө жайгашкан №1833 контурунан 0,85 га сугат айдоо жердин 1828-1830 контурларда жайгашкан ыңгайсыз жайыт жерден 1,15 га жер аянтын жогорудагы максаттар үчүн трансформациялап, багытын өзгөртүп берүү жана айылдык аймактын жер балансасына өзгөртүүлөр киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын «Киров» айылынын Арал бөлүмүндөгү, элдин үлүшүндө турган №1833 контурда жайгашкан 0,85 га суулу айдоо жер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан трансформациялоого уруксат берилгенден кийин Киров айылынын «Ак-Шубак» бөлүмүндө жайгашкан №1814 ч контурундагы мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлеринин ордуна жылдырылып, үлүш ээлерине бөлүштүрүлүп берилсин.
3. Келечекте курулушу көздөлүп жаткан райондук булганыч сууларды тазалоочу курулмага ажыратылган жердин иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнөн жана Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо мекемесинен суралсын
4. Ушул токтом мыйзам негизинде аткаруууга алынсын.
5. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевдерге жүктөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |