Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХIV сессиясы
2014-жылдын 27-ноябры № 14-1
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Арал айылынын тургундарынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагында элдин социалдык өнүгүүсүнө салым кошуу жана айыл аймакта социалдык инфроструктурасын мындан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 2-главасынын 18-беренесинин 1-2,15 №47 беренесинин 1-5 бөлүмдөрүнүн талаптарын жана А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы Арал айылынын тургундарынын жерлерин пайдалануу боюнча элдин 2014-жылдын 27-ноябрндагы өткөрүлгөн жалпы чогулушун протоколун негизинде А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Арал айылынын тургундарынын 2014-жылдын 27-ноябрндагы жалпы чогулушунун протоколун бекитилсин.
2. А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын Арал айылында жайгашкан эски мончонун имараты, маалымат борбору кылып ачуу үчүн А.Мирмахмудов айл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
3. А.Мирмахмудов атындагы айл аймагынын балансысына өткөрүп берилген имаратын, маалымат борбору кылуу үчүн керектелүүчү юридикалык иш-кагаздарын, архитектуралык документтерин даярдоо А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |