Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-декабры № 1
“2014-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн
бюджетинин киреше бөлүгүнүн 927,0 миң.сомго ашыкча аткарылышынын
эсебинен аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы
Камчыбеков Мамасабырдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 11-айынын жыйынтыгы боюнча Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 927,0 миң.сомго ашыкча аткарылышынын эсебинен 927,0 (тогуз жүз жыйырма жети) миң.сомго барабар акча каражаты төмөндөгү иштерди каржылоо үчүн бөлүнүп берилсин:
а) М.Жаманкулов орто мектебинин чатырынын тамчы өткөн
жерлерин оңдоого - 12,0 миң.сом
б) Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин жылытуу системасын оңдоого - 10,0 миң.сом
в) ФПСтин жерлери үчүн соц.фонд төлөмдөрүнөн болгон карызды төлөөгө
соттун чечиминин негизинде -400,0 миң.сом
г) Кыш-Абад айылындагы ГСВнын жылытуу системасынын
от казанын оңдоого жана башка оңдоо иштерине -65,0 миң.сом
д)ОшМУда «Манас» таануу сабагына катышып келишкен мугалимдерге
жана мектеп окуучуларынын райондук олимпиадага катышып келүүсүнө -12,0 миң.сом
ж) ФПСтин жерлери үчүн жер салыгынан болгон карызды төлөөгө
соттун чечиминин негизинде. -428,0 миң.сом
Жыйынтыгы: - 927,0 миң.сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын башчысына тапшырылсын.(Базибай уулу Асанбек)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Э.Ташматов)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |