Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-декабры № 2
“№ 63-«Октябрдын 70 жылдыгы» орто
мектебинин жаңы курулуучу имаратына жер
аянтын ажыратып берүү жөнүндө”
Отуз-Адыр айылдык аймагына караштуу Жаңы-Кызыл-Суу айылындагы
№ 63-«Октябрдын 70 жылдыгы» орто мектебинин директору Кудайбердиева
Замиранын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагына караштуу Жаңы-Кызыл-Суу айылындагы № 63-«Октябрдын 70 жылдыгы» орто мектебинин тиешелүү аймагына мектептин ашар жолу менен курулган имаратарын бузуу жолу менен жаңы мектептин имараттарын курууга уруксат берилсин.
2. Мектепке тиешелуу 1,18 га жер аянты жаңы имараттардын курулушу учун ажыратылып берилсин.
3 Мектептин жаңы курулушуна бөлунгөн жер аянтын тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Базарбаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Асанбек Базибай уулу).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С.Атамбиев) тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |