Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-декабры № 3
“Отуз-Адыр айылындагы «Жаштык» маданий-спорт сарайынын административдик
бөлүгүнүн экинчи кабатында муниципалдык
менчиктеги балдар бакчасын ачуу жөнүндө”
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Ташматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылынын тургуну жеке ишкер Джунусова Гүлүканга Отуз-Адыр айылындагы «Жаштык» маданий-спорт сарайынын административдик бөлүгүнүн экинчи кабатында муниципалдык менчиктеги балдар бакчасын ачууга уруксат берүү жана Джунусова Гүлүканды жогорудагы балдар бакчасына директорлукка дайындоо Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Муниципалдык менчиктеги балдар бакчасын ачуу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу, иш-кагаздарын даярдоо жеке ишкер Джунусова Гүлүкандын өзүнө жүктөлсүн.
3. Муниципалдык менчиктеги балдар бакчасын ачуу иштерине көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(К.Джумабаев)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |