Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-декабры № 4
“Машрап-Сай дарыясынын сел алып кетүү коркунучу бар
жээктерине тал, терек отургузуу жөнүндө”
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башкы адиси Базарбаев Төлөнбайдын АРИС кызматынын «Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгеелин төмөндөтүү» долбоорун ишке ашыруу максатындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагына караштуу Кара-Дөбө айылынын № 787 контурундагы 1,0га, № 812 контурундагы 0,5га жер тилкеси (бардыгы 1,5га) АРИС кызматынын жогоруда аталган долбоорунун алкагында айылдык аймактын жашоочуларына (дыйкандарына) 15 жылга 1 ге – на 500 сомдон 15 жылга ижара акы төлөө менен берилсин.
2. Зарыл болгон иш-кагаздарын даярдап берүү жагы башкы адис Базарбаев Төлөнбайга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Базибай уулу Асанбек.)
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (С.Атамбиев.)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |