ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 23-январы № 4
“Октябрдын 70 жылдыгы орто мектебинин жаңы имараты үчүн госактты,
проекттик-сметалык документацияларды даярдатууга
кеткен акча каражатын төлөп берүү жөнүндө”
Айылдык кенештин депутаты Ташиев Мамасалинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрдын 70 жылдыгы орто мектебинин жаны имараты үчүн госактты,проекттик-сметалык документацияларды даярдатууга кеткен акча каражатын айыл өкмөтү тарабынан төлөп берүү көрсөтүлгөн квитанциялардын,документтердин негизинде жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын(Базибай уулу А).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин (Э.Ташматов).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |