Редакцияот 31.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 31-январы № 18-6

Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары , улуттук күрөш боюнча айылдык машыктыруучу Б. Саиджановдун № 10 Токтогул орто мектебинин спорт залын күндүзгү саат 15-00дөн 17-00 чейин айылдык жаш спортчуларга машыгуу үчүн берүү жөнүндөгү арызын карап, кызуу талкуулап төмөкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук күрөш боюнча айылдык машыктыруучу Б.Саиджановдун арызы канаатандырылсын.

2. № 10 Токтогул орто мектебинин спорт залы күндүзгү саат 15-00дөн 17-00 чейин айылдык жаш спортчуларга белгилүү бир тартиптик келишимдин негизинде (тазалыгы,тартиби, жана башка жоопкерчилик) берилсин.

 

Керме-Тоо айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Тажибаев