Редакцияот 06.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 6-марты № 3-3-4-5

 Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Фермерлер кошуну сессиянын негизинде жабуу жана Гүлбаар айылынын Манас, Жеңиш, Пахта-Арал участкаларындагы курулуп жаткан суу сактагычтардын айланасы тосулгандан кийин аны таза жана пайдаланууга жарактуу кармап туруу үчүн ал жердеги тийиштүү адамдарга ар бирине 100 м.кв. жер тилкелерин ижарага берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселелерди кызуу талкуулап чыгып,депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Керме-Тоо айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн маалым каты Суунун, электр энергиясы жана жер салыктары боюнча обходной листтинин негизинде берилсин.

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Фермерлер кошуну сессиянын негизинде жабылсын.

3. Гүлбаар айылынын Манас, Жеңиш, Пахта-Арал участкаларындагы курулуп жаткан суу сактагычтардын айланасы тосулгандан кийин аны таза жана пайдаланууга жарактуу кармап туруу үчүн ал жердеги тийиштүү адамдарга ар бирине 100 м.кв. жер тилкелерин ижарага берилсин.

 

Керме-Тоо айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Гүлжигитов