Редакцияот 06.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 6-марты № 3-8

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн өзүнүн кызматтык автоунаасы жок болгондуктан айыл өкмөтүнүн тургуну Маматов Таалайбектин өзүнүн жеке менчик машинасын айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы катары пайдалануу үчүн мыйзам чегинде айыл өкмөтү менен айыл өкмөтүнүн тургуну Маматов Таалайбектин ортосунда кызматтык келишим түзүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселелерди кызуу талкуулап чыгып,депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Керме-Тоо айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн өзүнүн кызматтык автоунаасы жок болгондуктан айыл өкмөтүнүн тургуну Маматов Таалайбектин өзүнүн жеке менчик машинасын айыл өкмөтүнүн кызматык автоунаасы катары пайдалануу үчүн мыйзам чегинде айыл өкмөтү менен айыл өкмөтүнүн тургуну Маматов Таалайбектин ортосунда кызматтык келишим түзүлсүн.

2. Айыл өкмөтү менен айыл өкмөтүнүн айдоочусу Маматов Таалайбектин ортосунда кызматтык келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Атазаковго жүктөлсүн.

 

Керме-Тоо айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Гүлжигитов