Редакцияот 06.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 6-марты № 3-9

Керме-Тоо айылдык кеңешини бардык

 токтомдору,чечимдерин ММКна мамлекеттик

 тилде жарыялоо жана сайттарга жайгашуу жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселелерди өз ара карап чыгышып, кызуу талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Керме-Тоо айылдык кеңешини аймагында негизинен 99 % кыргыз улутундагылар жашагандыктан токтом,чечимдерди орус тилине которууга муктаждык жок,ошондуктан айылдык кеңешин бардык токтомдору, чечимдери ММКна ,РМАнын сайтына мамлекеттик тилде гана жарыялансын.

 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Керме-Тоо айы өкмөтүнүн башчысы А.Атазаковго жүктөлсүн.

 

Керме-Тоо айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Гүлжигитов