Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-августу № 7-1
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын «Жаңы-Жол айылдык
коомдук өз алдынча башкаруу» коомдук бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, депутат Мурзаев Адилбектин Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын «Жаңы-Жол айылдык коомдук өз алдынча башкаруу» коомдук бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндөгү сунушун карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын Жаңы-Жол участкасындагы 2013-жылдын 12-августундагы айыл тургундарынын жалпы чогулушунда талкууланып бекитилген жергиликтүү жамааттын «Жаңы-Жол айылдык коомдук өз алдынча башкаруу» коомдук бирикмесинин иштелип чыккан жобосу бекитилсин.
2. «Жергиликтүү жамааттын «Жаңы-Жол айылдык коомдук өз алдынча башкаруу» коомдук бирикмесинин башкаруу органынын төрагасы болуп Мурзаев Адилбек дайындалсын.
3. «Жергиликтүү жамааттын «Жаңы-Жол айылдык коомдук өз алдынча башкаруу» коомдук бирикмесинин башкаруу органынын мүчөлөрү болуп төмөндөгүлөр дайындалсын.
1.Мурзаев Адилбек
2. Тажибаев Абдихалил
3.Довулов Мамасалы
4.Мамаев Абдувай
5.Жусупов Алия
6. Жаанбаева Ирисбү
7.Кенжебаев Данияр
8.Паизова Алмахан
9.Кадырова Иризбан
4. «Жергиликтүү жамааттын «Жаңы-Жол айылдык коомдук өз алдынча башкаруусунун» коомдук бирикмесинин текшерүү комиссиясынын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин.
1. Джуманов Курванали - текшерүү комиссиясынын төрагасы.
2. Токторова Турдугүл - текшерүү комиссиясынын катчысы.
3. Асаева Анипа - текшерүү комиссиясынын мүчөсү.
5. «Жергиликтүү жамааттын «Жаңы-Жол айылдык коомдук өз алдынча башкаруу» коомдук бирикмесинин Жобосун облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы коомдук бирикменин башкаруу органынын төрагасы Мурзаев Адилбекке милдеттендирилсин.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |