Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-августу № 7-2-3
Гүлбаар айылындагы № 10 Токтогул орто мектебинин мугалимдерин сыйлыкка
көрсөтүү жөнүндө жана маркум, айылдык кеңештин депутаты
Абдуллаев Асилбектин атын өзү жашаган көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары депутат К.Кожоакматовдун № 10 Токтогул орто мектебинин мугалимдерин сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө жана депутат А.Мурзаевдин, айылдык кеңештин депутаты, маркум Абдуллаев Асилбектин атын өзү жашаган көчөгө ыйгаруу жөнүндө сунуштарын өз ара карап чыгышып, кызуу талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 10 Токтогул орто мектебинин директору К. Кожоакматовдун канааттандырылсын.
2. Токтогул орто мектебинин жакшы иштеп өзүн көрсөткөн мугалимдерин сыйлыкка көрсөтүү № 10 Токтогул орто мектебинин пед . жамаатына жүктөлсүн.
3. Гүлбаар айылынын Киров участкасындагы өзү жашап өткөн көчөгө маркум депутат Абдуллаев Асилбектин аты берилсин.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |