Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-августу № 7-6
№ 10 Токтогул орто мектебинин жаңы имаратын жылытууга кошумча
көмүр сатып алуу үчүн КРнын Каржы Министрлигинен акча каражатын суроо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Рысбаеванын 2013-2014-жылдарга кышкы жылытуу боюнча № 10 Токтогул орто мектебинин жаңы имаратына кошумча 55 тонна көмүр керектигин, кошумча көмүр сатып алуу үчүн КРнын Каржы Министрлигине акча каражатын суроо жөнүндө сунушун карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Рысбаеванын 2013-2014-жылдарга кышкы жылытуу боюнча № 10 Токтогул орто мектебинин жаңы имаратына кошумча 55 тонна көмүр сатып алуу үчүн КРнын Каржы Министрлигинен акча каражатын суроо жөнүндө сунушу канаатандырылсын.
2. Ушул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Рысбаевага жүктөлүсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |