Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2013-жылдын 28-августу № 7-7
Мал чыкпай пайдаланылбай калган жайыт
жерлерди салык төлөмүнөн бошотуу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Тагаев Жуманазардын Жайыт комитетине тийиштүү 1319,5 га жайыт жерге мал чыкпай белгиленген акча каражаты түшпөй калгандыктан 1319,5 га жерди салык төлөмүнөн бошотуп берүү жөнүндө сунушун карап, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине тийиштүү 1319,5 га жайыт жерге мал чыкпай белгиленген акча каражаты түшпөй калгандыктан 1319,5 га жерди атайын түзүлгөн комиссиянын актынын негизинде салык төлөмүнөн бошотулсун.
2. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана аграрадык маселелер боюнча комитетине жана айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |