Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-августу № 7-8
АРИС программасы жана Жайыт комитети
менен биргеликте 4 көпүрөнү айыл өкмөтүнүн
балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Тагаев Жуманазардын АРИС программасы жана Жайыт комитети менен биргеликте 4 көпүрөнү айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө сунушун карап, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасы жана Жайыт комитети менен биргеликте курулган Гүлбаар айылынын Манас участкасындагы жакынкы жайытка жана чөп чабыкка өтүүчү 2 көпүрө, Бирлик участкасындагы жакынкы жыйытка жана чөп чабыкка өтүүчү 1 көпүрө, Чөгөм айылындагы Загара жайлоосуна өтүүчү 1 көпүрө айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана аграрадык маселелер боюнча комитетине жана айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |