Редакцияот 03.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX-сессиясы

 

2013-жылдын 3-декабры № 9-1

Мүлк жана жер салыгын Керме-Тоо айыл

өкмөтүнүн аймагына киргизүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы Т.Тохтарованын 2014-жылдын 1- январынан баштап мүлк салыгы жана жер салыгы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагына киргизилсин деп токтом чыгарып берүү жөнүндөгү сунушун карап, талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 .2014-жылдын 1- январынан баштап мүлк салыгы жана жер салыгы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагына киргизилсин.

2. Жер жана мүлк салыктын жүргүзүлүшү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы Т.Токторовага жүктөлсүн.

 

Керме-Тоо айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Гүлжигитов