Редакцияот 03.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы

 

2013-жылдын 3-декабры № 9-5

Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары «Термодом-юг» ЖЧКнасы Кароол-Дөбө участкасындагы кайрак, жайыт жер аянтынан 0,50 га курулуш материалдарын чыгаруучу кичи ишкана куруу үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүнү суранган арызын карап, кызуу талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Термодом-юг» ЖЧКнасы Кароол-Дөбө участкасындагы кайрак, жайыт жер аянтынан 0,50 га курулуш материалдарын чыгаруучу кичи ишкана куруу үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүнү суранган арызы канаатандырылсын.

2.Ушул жогорудагы токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер жана агрардык маселелер боюнча адиси А.Шерматовго жүктөлсүн.

 

Керме-Тоо айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Гүлжигитов