Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин II (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 15-январы № 3/1
Андижан-Маала айлынын тургуну
Маматкадыров Раимжандын арызын кароо жөнүндө
Айылдык кенештин депутаттары кенештин катчысы М.Маматалиевдин Андижан- Маала айлынын тургуну Маматкадыров Раимжандын үйүн суу каптап, материалдык зыян келтирилгендиги жөнүндөгү арызы боюнча билдируусун угуп,талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы А.Тажибаевге, айыл кмөтүнүн юристи Ш.Ташиевге, айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси М.Кыргызбаевге Ак-Таш айыл өкмөтүнүн адистеринин катышуусу менен арызды жеринде иликтеп, келтирилген материалдык зыянды эсептеп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүму менен бирге чечип берүүсү сунушталсын.
2. Арыз боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссиянын чечими кезектеги сессиянын кароосуна коюлсун.
3. Токтомдун көчүрмөсү арыз ээсине таанышуу үчүн жөнөтүлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |