САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын II сессиясы
2013-жылдын 8-январы № 2/1
Сары-Таш поселоктук совети мекемесин
Сары-Таш айылдык Кеңеши мекемесине
мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жана «Жергиликтүү мамлекеттик адмиснтрация» жөнүндөгү мыйзамдын 21-беренесине ылайык Сары-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Таш поселоктук совети мекемесин Сары-Таш айылдык Кенеши мекемесине аталышы өзгөрүлсүн, толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: Сары-Таш айылдык Кеңеши мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение Сары-Ташский айыльный Кенеш.
2.Сары-Таш айылдык Кеңешинин жобосу жаңы редакцияда бекитилсин.
3.Сары-Таш айылдык Кеңешинин дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Алай району, Сары-Таш айылдык аймагы, Сары-Таш айылы.
4.Сары-Таш айылдык Кеңеши юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана бул милдет Сары-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы Эсенбаев Сагынбек Жусубалиевичке жүктөлсүн.
Ушул чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырас.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |